Содействие укреплению верховенства права в Кыргызской Республике
22 Ноября 2017
img
img
img
img
img
img
img
img
img
img
img
img

Бишкекте аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча тегерек үстөл өтүүдө

80

Бүгүн, 2017-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын кызматкерлери жана сот аткаруучулары үчүн тегерек үстөл өткөрүүдө.

Тегерек үстөлдүн ишине Франциянын эл аралык эксперттери: Мириам Зильберман, Париждин чоң инстанциясындагы сотунун төрагасынын орун басары; Элен Пекастэн-Кошар, «Дарикко-Пекастэн» конторасынын сот аткаруучусу, Париж, 18-округ; модератор катары сот адилеттигинин Жогорку мектебинин лектору Н. Асанова катышууда.

Тегерек үстөлдү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А. Давлетов, сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдүрүнүн м.а. Р. Тургунбаева, «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси С. Кареклас жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн долбоорлорунун менеджери Н. Скарамуццо ачышты.

Тегерек үстөлдүн ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 16 судьясы катышууда.

Смотреть подробнее
  • 03.08.2017
    34
    2017-жылдын 1-июлунан тартa «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзам, төмөнкүдөй өзгөрүүлөр менен күчүнө киргизилди:
  • 02.03.2017
    80
    Бүгүн, 2017-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын кызматкерлери жана сот аткаруучулары үчүн тегерек үстөл өткөрүүдө.
  • 05.09.2016
    95
    2016-жылдын 19-майында күчүнө кирген Мыйзамдын максаты болуп мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана кызматтык өңдөрдүн башкаруу жана административдик ишин оптималдаштыруу жана бирдиктештирүү саналат. Аталаган Мыйзамда жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана аны айкындуу кылуу каралган. Аталган ролик Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Долбоору жана GIZдин «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Аймактык Программасынын колдоосу менен тартылды.
  • 22.06.2016
    81
    «Соттук жана укуктук окуу борборлорунун кызматташуусу: Сот реформасынын ийгиликтүүлүгү үчүн фактор» темасына карата регионалдык конференция Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү» жана «ЕБ-Борбордук Азия укук үстөмдүгүнүн платформасы» деген долбоорлордун колдоо көрсөтүүсү менен 2016-жылдын 22-23-июнунда Бишкек шаарында, «Дамас» мейманканасында өтүүдө.
Бардык жаңылыктар

Ноябрь 2017

Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30